USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Президент «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамга кол койду

11:47, 13 января 2025, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.

Мыйзамдын максаты жана милдети аялдар ишкердигине болгон мамлекеттик колдоону күчөтүү, анын ичинде финансылык жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын экономикасында аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү.

Мыйзам ишкердик субъектилери болуп саналган ишкердик иш-аракетти караган «аялдардын ишкердиги» аныктамасын киргизүүнү белгилейт, алар:

— ишкердикти жеке ишкер катары жүзөгө ашырган аял;

— акцияларынын же катышуу үлүшүнүн 51%дан кем эмеси аялга (аялдарга) таандык, жана штаттык кызматкерлеринин 51%дан кем эмесин аялдар түзгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, коммерциялык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18