USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда бензиндин баасы арзандады. Бирок бул убактылуу

13:29, 10 января 2025, Бишкек - 24.kg

Январь айында Кыргызстанда бензиндин баасы арзандады. Бул тууралуу 24.kg басылмасына  Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, күйүүчү майдын баасы эки эсеге арзандады.

«2024-жылдын декабрь айында бензин 3 сомго, 2025-жылдын январында 4-5 сомго арзандаган. Бул калган күйүүчү-майлоочу майларды сатуу үчүн сезондук арзандатуулар», — дейт Канат Эшатов.

Ошол эле маалда нефтетрейдерлердин божомолуна ылайык, Орусияда жаңы жылдык майрамдардан кийин күйүүчү-майлоочу майдын баасы кайрадан кымбаттайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18