USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргыз курама командасынын коргоочусу индонезиялык клуб менен келишим түздү

16:42, 09 января 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын коргоочусу Тамирлан Козубаев Индонезиянын «Персита» клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол биримдиги социалдык тармактарда билдирди.

Буга чейин Тамирлан Козубаев Гонконгдун «Истерн» клубунда ойноп, 75 беттеш өткөрүп, 9 гол киргизип, 3 голго пас берген. Ал клубдун капитаны болгон жана 2023-2024-сезондун клубдун эң мыкты коргоочусу деп табылган. Ал бул клуб менен 2024-жылы өлкө кубогунун ээси болгон.

«Биз Тамирландын жетишкендиктери менен сыймыктанабыз жана ага жаңы клубунда ийгилик каалайбыз!» — деп белгиледи КФБ.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18