USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Сосновка» өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу унааларга чектөө алынды

10:48, 08 января 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Ош унаа жолундагы «Сосновка» посту оор жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 7-январда «Сосновка» постунда туман жана кардан улам оор жүк ташуучу унаалар үчүн кыймылга чектөө киргизилген. Жол кызматкерлери Чүй облусунун аймагындагы жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Бүгүн, 8-январда саат 10.00 Сосновка посту транспорттун бардык түрлөрү үчүн ачык.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18