USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Бишкекте кар жаайт. 12-январга чейин күтүлгөн аба ырайы

08:30, 08 января 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет өлкө боюнча 12-январга чейин күтүлгөн аба ырайы боюнча маалымат берди.

Синоптиктер бул аптада көпчүлүк жерлерде кар жаай турганын айтууда. 9, 10 жана 11-январь күндөрү күн ачык болот.

Бүгүн, 8-январда Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт, калган күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй жана Талата 8-январда күн ачык болот. Бирок эртеси көпчүлүк жерлерде кар жаашы божомолдонууда. Аптанын калган күндөрү жаан-чачын болбойт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткенде бул жуманын 9-11-январь күндөрү күн ачык болору айтылды. Калган күндөрү кар жаашы күтүлүүдө.

Ал эми Ысык-Көл жана Нарында бул аптада кар көп жаайт. Синоптиктердин айтымында 10-11-январь күндөрү күн ачык болуп, калган күндөрү кар жаашы күтүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18