USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Сосновка жана Арал посторунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

08:00, 08 января 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкек — Ош унаа жолундагы Сосновка постунда кечээ саат 19:00дөн тарта оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөө кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу жана жол тыгынын болтурбоо максатында киргизилди.

Мындан тышкары, Токтогул районунун Арал өткөрмө бекетинде дагы саат 19:45де оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

ӨКМ кырсык болгон учурда «112» номерине чалууга чакырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18