USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жаңы жылды Ала-Тоо аянтында тосуп алабыз. 31-декабрга карата майрамдык программа

14:40, 30 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын мэриясы 31-декабрда борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн жаңы жылдык программа даярдады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Ала-Тоонун борбордук аянтындагы майрамдык концерт саат 18.00дө башталат.

Борбор калаанын тургундары жана коноктору россиялык эстрада жылдыздарынын — популярдуу ырчы Клава Коки жана легендарлуу «Дискотека» тобунун катышуусунда жаркын программадан ырахат алышат. Сиздердин сүйүктүү кыргыз эстрада жылдыздарынын да концерттери күтүлөт.

Ала-Тоо аянты түркүн түстүү жарыктар менен кооздолуп, коноктор жалындаган музыкага, бийге жана көңүл ачышат. Мэрия бардыгын жаңы жылды шаардын чок ортосунда достору жана үй-бүлөсү менен тосууга чакырат.

«Келгиле, бул түндү чындап сыйкырдуу кылалы!» — деп чакырышат уюштуруучулар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18