USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектин борборунда жылуулук кечке чейин кайрадан өчүрүлдү

10:09, 26 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 26-декабрда саат 9.00дөн 18.00гө чейин Бишкектин борбордук көчөлөрүндө жылуулук жана ысык суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, Ибраимова көчөсүндөгү 40, 42, 40/1, 42/1, Бөкөнбаев көчөсүндөгү 59-үй, Шопокова көчөсүндөгү 33, 35 үйлөр үчүн жылуулук өчүрүлөт.

Муниципалдык кызматтар тарабынан жылуулук тармагынын эски бөлүгүн алмаштыруу жана жаңы орнотулган жылуулук тармагына кайра туташтыруу иштери жүргүзүлөт.

«Бишкекжылуулуктармагы» ААК убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18