USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте жаңы спорттук-эс алуу комплекси ачылды

08:30, 25 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жаңы спорттук-эс алуу комплекси ачылганын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, комплекс эки кабаттан турат. Анда процедуралык кабинет, медициналык бөлмө, изолятор, гардероб жана душ кабиналары, кийим чечүүчү жайлар, телескопиялык трибуналары, күрөш залы, машыгуу залы, машыктыруучулардын кабинети, жетекчилик үчүн бөлмөлөр, санитардык түйүндөр жана коридорлор каралган.

Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстин ачылышы — Бишкек шаарынын спорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү дагы бир маанилүү кадам болуп эсептелет. Комплекс борбордун тургундарына заманбап шарттарда спорт менен машыгууга, ден соолугун чыңдоого жана активдүү эс алууга мүмкүнчүлүк берет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18