USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт. Оңдоо иштери жасалат

09:10, 24 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 24-декабрда саат 9:00дөн 23:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Бишкек  мэриясынын маалыматына караганда өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

Панфилов көчөсү, Манас пр., Фрунзе көчөсү — темир жол линиясы.

Тоголок Молдо суу алгычындагы оңдоо иштерине байланыштуу суу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18