USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Оштун борбордук аянтында балаты жандырылат. Аземге бардык каалоочулар чакырылды

18:36, 20 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 20-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балаты салтанаттуу түрдө жандырылат. Майрамдык иш-чара саат 19.00дө башталат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы жылдык символдун бийиктиги 28 метрди түзөт. Майрам жандуу музыка менен коштолот. Мэрия шаар тургундарын жана конокторун бул иш-чаранын кубанычын тең бөлүшүп, жаңы жылдык маанайда эс алууга чакырат.

Шаардын башкы балатысынын чырактарын жандыруу салты жыл сайын жүздөгөн жарандардын башын бириктирип, Ош шаарында жаңы жылдык иш-чаралардын башталышын белгилейт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18