USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Адылбек Касымалиевдин чет элдик биринчи сапары: Будапештте Орбан менен жолугушту

11:05, 18 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

17-декабрда Будапештте Министрлер Кабинетинин Төрагасынын милдетин аткаруучу Адылбек Касымалиев менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Адылбек Касымалиев Венгрияга бир күндүк иш сапары менен келди.

Тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкчылыкты ырасташты.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга Республикасына расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларга өзгөчө көңүл бурулду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18