USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Мелис Тургунбаев: «Улуттук банк санариптик сомду сатпайт»

13:20, 17 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Элдар Абакиров Орусиядагы кыргызстандыктарга Улуттук банк санариптик сомдорду жүгүртүүгө киргизип жатат деген шылуундардан билдирүүлөр түшүп, аны сатып алууга чакырыктар болуп жатканын билдирди.

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев өлкөнүн башкы жөнгө салуучу органы санариптик сомду сатпай турганын билдирди. Ал жүгүртүүгө 2027-жылы гана чыгат.

Депутат бул маалыматты ведомствонун сайтына жарыялоону Улуттук банктын жетекчисинен суранды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18