USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда бир суткада 54 мас айдоочу кармалды

11:34, 16 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бир түндө мас абалында 54 айдоочу кармалды.Бул тууралуу тууралуу 24.kg басылмасына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Айтикул уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында 12-декабрдан 13-декабрга караган түнү өлкө боюнча жол эрежесин одоно бузган 2517 айдоочу аныкталган.

Анын ичинен:

мас абалында унаа башкарган 54 айдоочу,

карама-каршы тилкеге чыккан 12 айдоочу;

ылдамдыкты ашырып айдаган 421 айдоочу;

тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 87 айдоочу кармалган.

Ошондой эле 387 авто унаа жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18