USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Коргоо министринин жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

13:38, 13 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Атайын кызмат коргоо министринин жардамчысын кармашты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.

Атайын кызмат Аскер прокуратурасы менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда («Мамлекеттик же муниципалдык кызматтын тутумунда кызмат берүү үчүн пара алуу») каралган кылмыш ишинин алкагында коргоо министринин жардамчысы полковник О.У.Ж. кармалды.

Аткаминер 2024-жылдын 25-майында ал Бишкек шаарынын Аскер комиссариатынын Октябрь райондук бөлүмүнүн кызматкери О.Т.Б.дан Коргоо министрлигинин аймактык бөлүмүнүн комиссариатына которуу үчүн 100 миң сом алган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2024-жылдын 12-декабрында полковник О.У.Ж. Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун аскер комендатурасынын башкармалыгына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18