USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда миңден ашык бала бакчага видеокамералар орнотулду

09:50, 13 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 1 миңден ашык бала бакчага видеокамералар орнотулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 1 миң 871 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчанын ичинен 1 миң 186 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде видеокөзөмөл камералары орнотулган, же жалпы көрсөткүчтүн 63,4 пайызда түзгөн.

Калган 685 бала бакчаны жабдып алуу максатында башкармалыктын кызматкерлери коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында аларга видеокамераларды орнотуу сунушу менен жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга кайрылышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18