USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

13-декабрга карата аба ырайы

18:05, 12 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

13-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр, күндүз Чүй облусунун чыгыш тарабында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −9...-14, күндүз 4...9;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −10...-15, күндүз 2...7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −6...-11, күндүз −1...+4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −6...-11, күндүз −1...+4;

Нарын облусунда түнкүсүн −16...-21, күндүз −3...-8 градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы −9...-11° суук, күндүз 5...7° жылуу болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18