USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Орус тилин билбеген мигранттардын балдары мектепке кабыл алынбайт

16:33, 11 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Орус тилин билбеген мигранттардын балдары мектепке кабыл алынбайт. Мамлекеттик Дума тиешелүү мыйзамды кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Орусия парламентинин төрагасы Вячеслав Володин өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Документти кабыл алууга 409 депутат добуш берди. Бири каршы, калыс калгандар жок.

«Баланы мектепке киргизүүнүн алдында анын Россия Федерациясынын аймагында болушунун мыйзамдуулугу, ошондой эле орус тилин билүүсү текшерилет.

Жыл башынан бери Мамлекеттик Дума депутаттардын демилгеси менен миграциялык саясатты жакшыртууга жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүгө багытталган 14 федералдык мыйзамды кабыл алды», — деп жазган Вячеслав Володин.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18