USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Камчыбек Ташиев январь айында кыргыз-тажик чек арасы боюнча отчет берет

14:37, 11 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 11-декабда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын сыпатталышы боюнча январдын ортосунда же аягында маалымат берерин билдирди.

Анын айтымында, чек араны сыпаттоо толугу менен аяктады. Бүгүн кыргыз тарап картографияны даярдоо үчүн Тажикстанга жөнөп кетти. Эртеңки күнү бул ишке өзү да кошулат.

«Анда мен отчет берем. Баары ачык болот. Мен ар бир айыл, ар бир жер тилкеси, көпүрө үчүн жооп берүүгө даярмын», — деди УКМКнын башчысы.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18