USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында −35 градуска чейин суук аба ырайы күтүлөт

12:12, 11 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет кайрадан катуу суук тууралуу эскертүү таратты. Синоптиктердин маалыматы боюнча, республика боюнча −35 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Маалыматка ылайык, 11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн −10...-15°, күндүз −4...-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн −6...-11°, күндүз −1...-6°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн −12...-17°, күндүз −2...-7°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −18...-23°, күндүз −6...-11°, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн −13...-18°, күндүз −5...-10°, тоолуу райондорунда түнкүсүн −22...-27° суук, күндүз −13...-18°, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн −30...-35°, күндүз −14...-19° суукка чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18