USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте транспорт түйүндөрү кайсы жерлерде курула тургандыгы көрсөтүлдү

12:46, 10 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын мэри борбор калаада транспорт түйүндөрүнүн кайсы жерлеринде курула турганын көрсөттү. Айбек Жунушалиев журналисттер менен жаңы транспорт түйүндөрүн жана бийик көпүрөлөрдү куруу планы менен бөлүштү.

Ал мындай долбоорлорду ишке ашыруу чоң каржылык салымдарды талап кыларын мойнуна алды.

Шаар башчысынын айтымында, курулуш Кытай тарабынан берилген гранттык долбоорлордун алкагында жүргүзүлөт. Каражат эстакадалык көпүрөлөрдү жана жол өтмөктөрдү курууга жумшалат.

«Биз долбоорду Кытай тарапка кароого жөнөттүк жана эмки жылы ишти баштайбыз деген үмүттөбүз», — деди Айбек Жунушалиев.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Жибек Жолу проспектиси менен Фучик көчөсүндөгү кесилиштер тандалды. Мындан тышкары Лев Толстой жана Фучик көчөлөрүндө; Лев Толстой көчөсү жана Жаш Гвардия бульварында да курулат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18