USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

10-декабрга карата аба ырайы

18:04, 09 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет билдиргендей, 10-декабрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Эртең менен жана күндүз Чүй облусунун айрым жерлеринде бир аз кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир жерлерге туман түшөт.

Тоолуу аймактарда жолдор тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн −10...-15, күндүз −4...-9,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −11...-16, күндүз −4...-9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн −6...-11, күндүз −1...-6,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн −10...-15, күндүз −2...-7,

Нарын облусунда түнкүсүн −17...-22, күндүз −5...-10.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн −11...-13, күндүз −4...-6 градус суук.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18