USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда бир жумада КРВИ жана сасык тумоонун 7,3 миңден ашуун учуру катталды

17:11, 09 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 2024-жылдын 2-декабрынан 8-декабрына чейинки бир жумада КРВИ менен 7 миң 335, сасык тумоо катталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жумага салыштырмалуу 3,8 пайызга өсүү болгон.

Бардык оорулардын 70,1 пайызы 14 жашка чейинки балдар.

Республикалык көрсөткүчтөн жогору оорунун деңгээли Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Ысык-Көл жана Талас облустарында катталган.

Бир жума ичинде Ош шаарында СOVID-19 инфекциясынын 1 учуру катталды.

 Бишкек, Ош жана Токмак шаарларында катуу кармаган респиратордук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү уланууда.

Октябрдан бери (40-49-жумага чейин) 809 үлгү алынды, анын 19у оң, анын ичинде 15 COVID-19 жана 4 сасык тумоо.

 Республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18