USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектин батыш тарабында ысык суунун температурасы төмөндөшү мүмкүн

13:04, 06 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 6-декабрда саат 08:00дөн 15:30га чейин Бишкек шаарынын батыш тарабында жеке керектөөчүлөр үчүн ысык суунун параметрлери убактылуу төмөндөшү мүмкүн. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көчөдөгү курулуп жаткан жаңы жолдун үстүнөн өткөн буу түтүктөрүн кайра кесүү боюнча мындан аркы жумуштарга даярдык көрүү максатында Бакаев көчөсүнөн темир жол линиясы менен кесилишкен жеринде № 96 стационардык тирөөчтөн батыш тарапка «Бишкексельмаш» отканасын көздөй буу берүү токтотулат.

Бул иштер жаңы жолдун курулушун тездетүү, ошондой эле жылуулук менен ишенимдүү камсыздоо жана суук мезгилде авариялык кырдаалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18