USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Балбак Түлөбаев: «Бала бакчаларда иштей турган эч ким жок болсо, эмнеге курабыз»

12:29, 04 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин бүгүн, 4-декабрдагы жалпы жыйынында депутат Балбак Түлөбаев министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлүнө бала бакчаларда иштей турган эч ким жок болсо, эмне үчүн курулуп жатканын сурады.

«Азамат, жол салгыла, мектеп салгыла, бала бакчаларды салгыла. Бирок курулган бала бакчада тарбиячы жок болсо, анын эмне кереги бар? Муну кылган министрлердин мээси иштейби?» — деп министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмас Абытовго кайрылды.

Балбак Түлөбаев мындай көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн пландоо болушу керектигин баса белгиледи.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18