USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп Равшанбек Сабиров дайындалды

11:49, 04 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп Равшанбек Сабиров дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сабиров Равшанбек Азатович эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Равшанбек Сабировдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18