USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандык кинопродюсер Айнагүл Токобаева дүйнө салды

15:16, 03 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Кинопродюсер Айнагүл Токобаева 63 жашында каза болду. Бул тууралуу «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы билдирди.


Айнагүл Токобаева 1962-жылы 13-августта туулган. 1983-жылы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) экономика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун «Кыргызфильмде» экономист болуп баштаган.

2007-2023-жылдары «Кыргызфильмде» директордун биринчи орун басары болгон. 2023-жылдын сентябрынан 2024-жылдын сентябрына чейин киностудияны жетектеген.

Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун мүчөсү, улуттук киного кошкон салымы үчүн «Кыргыз киносунун отличниги» жана «Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги» наамдары менен сыйланган.

Айнагүл Токобаева бир нече улуттук жана эл аралык долбоорлорго продюсерлик кылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18