USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектеги ЦУМга мөөр басылды. Катталбаган телефондор изделүүдө

15:08, 03 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 3-декабрда УКМК кызматкерлери ЦУМга мөөр басышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигинин журналисти окуя болгон жерден билдирди.

«Альфа» атайын күчтөрүнүн жоокерлери имаратта турушат. Сатуучулардан каттоодон өтпөгөн уюлдук телефондор алынып жатат. ЦУМдун биринчи кабатында жана жер төлөсүндө тинтүү иштери жүрүп жатат.

Окуя болгон жерге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери саат 9.00дө келишкен. Иш ушул саатка чейин уланууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18