USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга кирген чектөө алынды

10:47, 02 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек — Ош унаа жолундагы Арал жана Сосновка постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 08:30да алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун 82-чакырымындагы «Алим» оор жүк ташуучу унааларды токтотуучу жайы саат 09:00дө тарта ачылды.

Белгилей кетсек, унаа жолдордо кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында посттор убактылуу жабылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18