USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

2025-жылдын 15-февралынан тарта «Дели-Бишкек-Дели» авиакаттамы иштей баштайт

19:01, 29 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

2025-жылдын 15-февралынан тарта Бишкек-Дели авиакаттамы иштей баштайт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту" ААК билдирди.

Компаниянын жетекчиси Манасбек Самидинов IndiGo авиакомпаниясынын вице-президенти менен жолугуп, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда логистиканы жакшыртуу, туризм жана ишкердик кызматташууну өнүктүрүү максатында жаңы аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулады.

Тараптар 2025-жылдын 15-февралынан тарта Дели — Бишкек — ​​Дели жаңы каттамын ачууну макулдашты. Бул туристтердин агымын арттырып, эки өлкөнүн ортосундагы маданий, билим берүү жана экономикалык байланыштарды бекемдейт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18