USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Төлөгөн уулу Данияр бокс боюнча Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу болду

15:12, 26 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Данияр Төлөгөн уулу кайрадан Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болду. Бул тууралуу тиешелүү федерациядан билдиришти.

Ал буга чейин бул кызматка 2021-жылдын ноябрында Данияр Жусубалиевдин ордуна дайындалган.

Эске сала кетсек, Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги астында Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында Кыргыз курама командасы күч сынашып, үч спортчу чейрек финалга чыгууга жетишкен.

Анын жетекчилигинде Мунарбек Сейитбек уулу Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу дүйнөлүк чемпионатта коло байге ээси болсо, андан соң Олимпиада оюндарында күмүш байгеге ээ болгон.

Улуттук курама команданын улук машыктыруучусу Улан Сагынбаев болду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18