USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын калкынын саны 7 миллион 254 миң адамды түзөт

12:14, 25 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын калкынын саны 7 миллион 254 миң адамды түзөт. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин 2024-жылдын 1-октябрына карата материалдарында камтылган.

Ведомствонун маалыматы боюнча, жыл башынан бери калктын саны 91,7 миң адамга же 1,3 пайызга көбөйгөн.

Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин статистикасына ылайык, январь-сентябрь айларында жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында 107,9 миң жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана 24,2 миң өлүм катталган. Калктын табигый өсүшү 83,7 миң адамды түздү.

Анын эң жогорку деңгээли Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталган. Эң төмөнү Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18