USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү өлкөнүн бюджетине жарым саатта түшөт

15:12, 21 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Салык кызматы бюджетке салык төлөмдөрүн чегерүү системасын өркүндөттү. Бул тууралуу ведомстводон билдирди.

Эми салык төлөөчүнүн эсеби, онлайн банкинг же төлөм терминалдары аркылуу төлөнгөн салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү 30 мүнөттүн ичинде мамлекеттик бюджетке которулат.

Жаңычылдык салык төлөөчүлөргө өз милдеттенмелерин сутканын каалаган убагында жана каалаган аппараттан тез жана ыңгайлуу аткарууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө. Ошондой эле кечиктирүүлөрдү жок кылат жана төлөмдөрдүн абалы жөнүндө дароо маалымат берет.

Кызмат өкүлдөрүнүн айтымында, системаны өркүндөтүү салыктык башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Киргизилген өзгөртүүлөр салык төлөөчүлөр менен салык органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, салыктарды жана төгүмдөрдү төлөөнүн кыйла натыйжалуу жана ыңгайлуу процессин жеңилдетүү максатында иштелип чыккан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18