USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

12:00, 20 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө. Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-17 метрге жетет.

Катуу шамал учурунда жарандар коопсуз жайларда болуп, өзгөчө электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс туруусу керек.

Өзгөчө кырдаалга күбө болгон маалда «112» кызматына чалуу зарыл.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18