USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргыз курамасы Иранга жеңилип калды

09:34, 20 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык үчүнчү раундунун алкагында өтүп жаткан Кыргызстан менен Ирандын футбол курама командаларынын беттеши 3:2 эсеби менен Ирандын пайдасына аяктады.

Оюндун биринчи бөлүгү 2:0 эсебинде Иран курамасынын пайдасына аяктаган. Ал эми экинчи бөлүктө кыргыз курамасынын оюнчусу Жоэл Кожо атаандаштарга удаасы менен эки топ киргизип, эсепти теңеген. Бирок, ирандык футболчу беттештин 76-мүнөтүндө эсепти өзгөртүп, оюн 3:2 менен аяктады.

Кыргызстандын улуттук курама командасы Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18