USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Нарынбек Сатыбалдиев: Кумтөр кенинен алтын дагы 30 жыл казылат

16:54, 18 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын геологиялык кызматынын башчысы Нарынбек Сатыбалдиев Кумтөр кенинде дагы 30 жыл алтын казыла турганын брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын февраль айынан тарта Кумтөр кенинде алтынды жер астынан казып алуу долбоору ишке ашырылып, жакынкы жылдары баалуу металлды толук кандуу казып алуу иштери башталат.

Эске салсак, Кумтөр кени 1997-жылы ишке киргизилген. 2021-жылдын май айында кен улутташтырылып, мамлекеттин көзөмөлүнө өткөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18