USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргыз режиссер Шамил Дыйканбаев Шымкент фестивалында эң мыкты деп табылды

13:11, 15 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык режиссер Шамил Дыйканбаев Чымкентте аяктаган Борбор Азия өлкөлөрүнүн IX Эл аралык театр фестивалында мыкты деп табылды. Бул тууралуу Чүй облустук театрынан билдиришти.

Анда Казакстандын, Өзбекстандын, Түркиянын, Азербайжандын, Каракалпакстандын жана Татарстандын мыкты театрларынын сынактык спектаклдери орун алганы белгиленди.

Кыргызстандын атынан республикалык “Учур” театрынын сахнасында Шамил Дыйканбаев койгон “Бетме-бет” спектакли коюлган.

Сынактын жыйынтыгында кыргызстандык режиссер мыкты деп табылды.

 Шамил Дыйканбаев Чүй облустук театрын былтыртан бери жетектеп келет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18