USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Надира Жусупбекова билим берүү министринин орун басары болуп кайрадан дайындалды

12:19, 15 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Надира Жусупбекова
Надира Жусупбекова билим берүү жана илим министринин орун басары болуп кайрадан дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Надира Жусупбекова министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 591 буйругу менен дайындалды.

Ага чейин министрдин орун басары Муратбек Касымалиев болгон. Ал бул кызматка 2023-жылдын 17-ноябрында дайындалган, бирок башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулган.

Белгилей кетсек, Надира Жусупбекова бул кызматты 2018-2023-жылдары аркалап келген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18