USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын тоолуу аймактарына кар көчкү түшүүсү күтүлөт

11:32, 15 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү жана кар күрткүсүнө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

2024-жылдын 15-ноябрынан 16-ноябрына чейин Кыргызстандын тоолуу автожолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун тилкесинде (161-чакырымдан 179-чакырымга чейин) жана Талдык ашуусунда кар көчкү түшүшү, кар күрткүсү жана жолдун муз тоңушу мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул аймакта унаалар 500 метрден кем эмес аралыкты сактоосу керектигин эскертти. Айдоочуларга өтө зарылчылык болбосо жолго чыгуудан баш тартуу жана бардык сактык чараларын көрүү сунушталат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18