USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Дүйнө чемпионатына тандоо: Бүгүн Кыргызстан БАЭ курамасы менен беттешет

10:03, 14 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн,14-ноябрда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футбол курама командалары беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оюн БАЭнин Абу-Даби шаарындагы «Мухаммад ибн Заед» стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.

«Ак шумкарлар» кызыл, атаандаштары ак кийимчен ойношот.

Эскерте кетсек, Кыргызстан дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычында 4 оюн өткөрдү. Буга чейинки беттештеринде Кыргызстан Иранга 1:0, Өзбекстанга 2:3 жана Катарга 1:3 эсебинде жеңилип, төртүнчүсүндө Түндүк Кореяны 1:0 менен уткан.

Төрт оюндун жыйынтыгы менен «ак шумкарлар» 3 упайы менен өз тайпасында бешинчи орунду ээледи. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18