USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ажылык — 2025. Зыяратчыларды Flyadeal жана Jazeera Airways тейлейт

18:50, 13 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандан Сауд Арабияга баруучу зыяратчылар үчүн каттамдарды уюштуруу үчүн Flyadeal жана Jazeera Airways авиакомпаниялары тейлейт. Бул тууралуу КР мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи авиакомпания Сауд Аравиядан, экинчиси Кувейттен болуп саналат.

Буга чейин муфтият келерки жылы ажылык сапарга бара турган зыяратчылардын кийим-кечелеринин дизайнына сынак жарыялаган.

Сауд Арабиясы 2025-жылдагы ажылык сапарга Кыргыз Республикасынан баруучу зыяратчыларга 6 миң квота бөлдү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18