USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкек-Ош унаа жолунун үч жеринде оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

10:28, 13 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Ош унаа жолунун үч жеринде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда кар жаап, жолдорду тазалоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Сосновка, Чычкан, Арал көзөмөл өткөрмө жайларынан оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына кайрадан чектөөлөр киргизилди.

«Урматтуу айдоочулар жолго чыгаарда жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырып, унаанын техникалык абалына көңүл буруп, каршы тилкеге чыкпастан, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактап, сөзсүз түрдө дөңгөлөккө ороочу чынжырларды же кошумча дөңгөлөктөрдү алып алууну эскертебиз», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18