USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Раззаков шаарына мэри болуп Мухтар Абдухамитов дайындалды

14:13, 12 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Раззаков шаарына жаңы мэр болуп Мухтар Абдухамитов дайындалды. Тиешелүү буйрукка Лейлек районунун акими Канымет Осмонбетов кол койду.

Эми Лейлектин акиминин биринчи орун басары болуп мурдагы мэр Чынгызбек Рысов дайындалды.

Мухтар Абдыхамитов 44 жашта. Ал Арка айылында туулган. Москвадагы финансы-өнөр жай университетинин экономист адистиги боюнча дипломуна ээ. 2021-жылы Кең-Талаа айыл өкмөтүн жетектеген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18