USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстан менен Түркиянын 1чи айымдары Эне жана баланы коргоо борборунда болду

11:34, 06 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын жана Түркиянын биринчи айымдары Айгүл Жапарова менен Эмине Эрдоган Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда болушту.

Алар ооруканада дарыланып жаткан энелер жана балдар менен баарлашып, алардын тезирээк сакайып кетишине каалоосун билдиришти.

Андан соң биринчи айым медицина кызматкерлери менен жолугушуп, дарыгерлер менен баарлашты.

Эмине Эрдоган Бишкекке мамлекеттик сапар менен келген жана ТМУнун саммитине катышуу үчүн келген жолдошу Режеп Тайып Эрдоганды коштоп жүрөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18