USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Садыр Жапаров Түркиянын президентине аргымак белек кылды

10:46, 06 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров түрк лидери Режеп Тайып Эрдоганга аргымак белек кылды.

 

 Эске сала кетсек, 5-ноябрда Эрдоган Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Садыр Жапаровго Түркияда жасалган TOGG электромобилдерин белек кылган. Унаанын рулуна Садыр Жапаров отурган, аны Режеп Тайып Эрдоган коштоп жүргөн.

Түрк лидери Бишкекке 4-ноябрда келип, аны “Манас” аэропортунан Садыр Жапаров тосуп алды. Сапардын алкагында Режеп Тайып Эрдоган жана Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барышты.

 Түркиянын башчысы Кыргызстандын тышкы карызын кечкени да белгилүү болуп, аны Садыр Жапаровдун маалымат кызматы тастыктады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18