USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте Режеп Тайып Эрдоган менен Садыр Жапаров расмий жолугушуусу өттү

13:33, 05 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга мамлекеттик сапары алкагында сүйлөшүүлөрү өттү.  «Ынтымак Ордо» президенттик администрациянын имаратынын кире беришинен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Эки өлкөнүн гимндери жаңырып, мамлекет башчылары ардактуу кароолдун алдынан өтүп, аскерлер менен учурашышты, президенттер өз делегацияларын бири-бири менен тааныштырышты.

Андан ары эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрү башталды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18