USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда эки мамлекеттик гезит башкы редакторлорун алмаштырды

14:42, 04 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда эки мамлекеттик гезит баш редакторлорун алмаштырды. Маалыматты 24.kg басылмасына министрлер кабинетинен тастыкташты.

Ошентип, Тамара Слащеванын ордуна Елена Жолобова «Слова Кыргызстана» гезитинин башкы редактору болуп дайындалды.

Эң эски басма саналган «Кыргыз Туусу» гезитинин редактору Мырзакат Тыналиев да ээлеген кызматынан бошотулду. Жаңы директор дайындала элек, анын милдетин убактылуу башкы редактордун орун басары аткарат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18