USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Тыныстан Алыбаев бокс боюнча дүйнө чемпионатынын коло байге ээси болду

16:50, 01 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык мушкер Тыныстан Алыбаев Черногорияда өтүп жаткан бокс боюнча 17-18 жаштагы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды.

 

Тыныстан Алыбаев бокс боюнча дүйнө чемпионатынын коло байге ээси болду

Ал 92 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Биздин мушкер жарым финалда ирандык атаандашына утулуп, жыйынтыгында үчүнчү орунду ээледи.

Буга чейин Кыргызстандын курама командасынын дагы бир мүчөсү, мушкер Амантур Жумаев да Черногорияда 54 килограммга чейинки салмак ченинде коло тагынганы маалымдалган.

Эске салсак, 20-октябрдан 6-ноябрга чейин Черногорияда бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионат өтөт. Ага 88 өлкөнүн спортчулары катышууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18