USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий сапар менен келет

10:28, 01 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 5-ноябрда Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет.

Бул тууралуу КР Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

 

«Алдыдагы сапардын алкагында Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири маселелерин талкуулашат.

Сапардын жыйынтыгы боюнча кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Ошондой эле 6-ноябрда Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18