USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн «Ак Босого» конушунда таза суу өчүрүлөт

09:09, 31 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 31-октябрда «Ак Босого» конушунда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, «Ак Босого» турак жай конушунда бүгүн саат 9.00дөн 15:00 гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Суу «Ак Босого-1» жана «Ак Босого-2» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18